
2022-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Жапаров Акылбек Үсөнович «Жаратылыш өнүктүрүү фонду» коомдук фонддун жардамы менен алынган муниципалдык кызматтарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына катуу таштандыларды чыгаруу үчүн жаңы адистештирилген жабдууларды тапшыруу аземин өткөрдү.
Министрлер Кабинетинин башчысы өз сөзүндө өлкөнүн Президенти Садыр Жапаров тарабынан тиричилик калдыктарын өзүнчө чогултуу системасын кеңири жайылтуу жана таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү боюнча коюлган милдеттер негизги көйгөйлөр экенин белгиледи.
Өз кезегинде шаар мэрлери жана райондордун өкүлдөрү министрлер кабинетине көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдиришти.
Республиканын шаарларына жана райондоруна көтөрүүчү платформасы бар 22 даана таштанды ташуучу унаалар тапшырылды. Сатып алынган жабдуулардын айырмалоочу мүнөздөмөлөрү өлчөмү, маневр жана ар тараптуулугу болуп саналат. Белилей кетсек, тиричилик калдыктарын чыгаруучу унаалар «Жаратылыш өнүктүрүү фонду» тарабынан каржыланды.
**********************************************************************************************
18 июля 2022 года Председатель Кабинета Министров Кыргызской Республики Жапаров Акылбек Усенович провел церемонию вручения новой специализированной техники для вывоза твердых бытовых отходов муниципальным службам и органам местного самоуправления, приобретенной при содействии Общественного фонда «Фонд развития природы». Глава кабмина в своем выступлении отметил, что к ключевым проблемам можно отнести задачи, поставленные президентом страны Садыром Жапаровым по повсеместному внедрению системы раздельного сбора твердых бытовых отходов и созданию предприятий по переработке отходов.
В свою очередь мэры городов и представители районов поблагодарили Кабинет министров за оказанную помощь.
Городам и районам страны передали 22 единицы мусороуборочных автомашин с подъемной платформой. Отличительными характеристиками приобретенной техники размер, маневренность и многофункциональность.
Следует отметить, что спец техники (мусоровозы) были профинансированы «Фондом природного развития»