


Долбоор «Жаратылыш өнүктүрүү фонд» коомдук фонду тарабынан биргелешип каржыланды. Жалпысынан болуп долбоор 107, 871 млн сом өлчөмүндө ишке ашты. Долбоордун негизги максаты — санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртуу, айыл жана шаар ичин таштандыдан арылтуу. Жаратылышты коргоо айлана чөйрөнүн тазалыгын сактоодон башталат. 18-июль 2022 жылы Министирлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров райондордун жана шаарлардын мэрияларынын өкүлдөрүнө тиричилик таштандыларын чыгаруучу адистештирилген техникаларды тапшыруу аземине катышты. Жалпысынан 22 даана тиричилик калдыктарын чыгаруучу унаалар алынып келинген. Айлана тазалыгы-элдин тазалыгы!
**************************************************************************************
Проект софинансировал общественный фонд «Фонд развития природы». В целом проект реализован на сумму 107, 872 млн сомов. Основная цель проекта – улучшить санитарно-эпидемиологическую ситуацию, избавить село и город от мусора. Охрана природы начинается с поддержания чистоты окружающей среды. 18 июля 2022 года Председатель Кабинета Министров Акылбек Жапаров принял участие в церемонии вручения представителям районов и мэрий городов специализированной техники для вывоза твердых бытовых отходов. Приобретено 22 единицы специализированной техники для вывоза мусора.
Чистота окружающей среды – это чистота людей!